• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү тууралуу арызын өкмөт башчыга жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Аскарбек Шадиев өзүнүн мындай чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине көлөкө түшүрбөө үчүн ээлеген кызматынан кетүүнү туура көргөнү менен түшүндүрдү. Арыз берүүсүнүн себеби КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун мамлекеттик бюджеттеги каражатты өз эсебине өздөштүрүп алгандыгы боюнча кылмыш ишине байланыштуу. Анткени ошол учурда Аскарбек Шадиев аталган комитеттин ишин жетектеп турган.

«Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ишимди так аткарып келем. Мен үчүн намыс жана аброй биринчи орунда турат. Тергөөнүн ачык жана калыс жүрүшү үчүн ээлеген кызматымды бошотууну туура көрдүм. Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине мага ишеним көрсөткөндөгү үчүн терең ыраазычылык билдирем», - деп айтылат Шадиевдин арызында.

Пикир

Оставить комментарий