• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмазбек Баатырбеков МТБМК жамаатына төрага Алтынбек Исмаиловду тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жамаатына ведомствонун жаңы дайындалган төрагасы Алтынбек Исмаиловду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Алтынбек Исмаиловдун кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Баатырбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктагандыгын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр коронавирус инфекциясынын шарттарында санариптик технологиялардын ролун эске алуу менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдына коюлган өлкөнү мындан аркы санариптештирүү боюнча милдеттерди жана максаттарды аткарууда жаңы дайындалган төрагага ишеним көрсөттү.

МТБМК төрагасы Алтынбек Исмаилов өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жогоруда көрсөтүлгөн бардык маселелерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий