• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Курулуш коопсуздугун өзгөчө көзөмөлгө алуу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бишкек шаарында жана республиканын бардык аймактарында курулуш коопсуздугун өзгөчө көзөмөлгө алуу керек, – деди Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 21-февралда жер курулуш жана уруксат кагаздарын берүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынында.

Биринчи вице-премьер-министр шаар ичиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулуш иштеринде, коопсуздук эрежелеринин толук сакталышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Жер, архитектура жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагындагы мыйзамдуулукту укуктук нормативдик актыларга дал келе тургандай тиешелүү бир тартипке түшүрүү керек. Министрликтер менен ведомстволордун жерди пайдалануу, шаар куруу, көзөмөл жана кабыл алуу милдеттерин инвентаризациялоо муктаждыгы келип чыгууда»,- деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Жумушчу топ негизги делген үч багытта иш алып барат. Булар : 1) жер маселеси боюнча (жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү, курулуш аймактарын түрдүү максатта пайдаланууга уруксак берүү, жер тилкелерин колдонуу максаттарын өзгөртүү, жер кодексине өзгөртүү киргизүү), 2) курулуш маселеси боюнча (шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык планы, мыйзамсыз курулган курулуш объекттери, башкы план, деталдык пландаштыруу жана аларга уруксат кагаздарын берүү) жана 3) мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө багытында (жер, архитектура багытындагы документтердин бардыгын бир тартипке келтирүү).

Жыйын соңунда Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү органдарга өз багыттар боюнча кыска мөөнөт аралыгында сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий