• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абдыгулов ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кечээ, 10-ноябрда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жыйын жүүрүшүндө ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү евразиялык интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн интеграциялык аракеттешүүсүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган 20 маселени талкуулады.

Алсак, 2020-жылдын 1-январына чейин убактылуу киргизилчү турбореактивдүү, ортомагистралдык жарандык жүргүнчүлөр учактарын бажы алымдарынан жана салыктардан сегиз жылга толук шартуу түрдө бошотуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү жамааттык негизде автордук жана чектеш укуктарды башкаруу тартиби тууралуу келишимге кол койду жана ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн жаныбарлардын өзгөчө кооптуу, карантиндик жана жугуштуу ооруларынын алдын алуу, диагностикалоо, локалдаштыруу, жок кылуу жана регионалдаштыруу жана компартментализациялоодо өз-ара аракеттешүү тартибин бекитти.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинде ветеринардык көзөмөлдү жүргүзүүдө лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүүнү уюштуруунун бирдиктүү Эрежеси бекитилди, медициналык буюмдар сапатынын менеджменттик тутумун киргизүү, колдоого алуу жана баалоого болгон талаптар кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Кеңештин «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине түзөтүүлөрдү иштеп чыгууну жактырышты.

Жыйынга Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери – Армения Республикасынын вице-премьер-министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Пикир

Оставить комментарий