• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Биринчи вице-премьер Новиков ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 31.10.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков видеоконференциялык байланыш режиминде Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү отурумду ачып жатып, Артём Новиковду Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу ЕЭК кеңешинин мүчөсүнүн милдеттерине киришүүсү менен куттукташты.

ЕЭК кеңешинин отурумунда ЕАЭБдин ички базарындагы тоскоолдуктарды четтетүү, административдик укук бузууларды жасаган кыргыз жүк ташуучуларынын «кара тизмеге» киришине байланыштуу кырдаалды, ошондой эле ЕАЭБдин мамлекеттик сатып алууларынын бирдиктүү рыногун жөнгө салуу сыяктуу 30дан ашык маселе талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна чейин бардык маселелер боюнча макулдашуу үчүн Кеңештин отурумдарын өткөрүү графигин күчөтүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий