• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Биринчи жарым жылдыкта 200 миңге жакын жаран "119" чалуу борборунда консультация алышкан

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Биринчи жарым жылдыкта 200 миңге жакын жаран "119" чалуу борборунда консультация алышкан. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн сайын «119» чалуу борборуна 1,5 миңге жакын адам паспорт алуу, жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК), транспортту каттоо жана башка Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) кызматтары боюнча кайрылышат. 2021-жылдын биринчи жарымында 200 миңге жакын жаран кеңеш алган. 100 арыз түшкөн, анын 90% каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн.

"119" чалуу борборунда ар бир жаран Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштеши, паспорттору, ЖААК, чет өлкөлүк жарандардын каттоосу, айдоочулук күбөлүгү, транспорт каражаттарын каттоо, шайлоочулардын тизмесинде тактоо, унаанын мамлекеттик номерлеринин өзгөчө комбинацияларынын онлайн-аукциону, электрондук санарип колтамгасын алуу жана башка суроолор боюнча кеңеш ала алат. Бул жарандарга КТБго келээрден мурун керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет",-деп айтылат маалыматта.

Колл-центр чалуулардын санын жана сапатын электрондук жаздыруу үчүн заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылган. СӨМдүн бардык ресурстарында (grs.gov.kg, infocom.kg, portal.srs.kg, nomer.srs.kg) активдүү интернет колдонуучулар үчүн онлайн чаттар туташкан.

Кызыктуу статистика:

* "119" чалуу борборуна кайрылган аялдар жана эркектердин саны теңме-тең;

* Чалуулар саат 10:00дөн 13:00гө чейин көп байкалат;

* бир кеңеш берүүнүн орточо убактысы - 4 мүнөт;

* орточо күтүү убактысы - 1 мүнөт.

Чалуу борбору түзүлгөндөн бери 1,5 миллионго жакын консультация берилген. Чалуулардын рекорддук саны 2020-жылдын 4-октябрында КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү келип түшкөн. Ал күнү 60ка жакын оператор иштеген жана жарандардан 15 миңден ашуун чалуу түшкөн.

Эскерте кетсек, "119" колл-центрге чалуу Кыргызстандын бардык байланыш операторлору үчүн акысыз. Убактыңызды текке кетирбөө үчүн КТБго кайрылуудан мурун "119" номуруна чалып, документтердин тизмесин тактоону, каттоону, паспорттун даярдыгын жана иш графигин текшерүүнү сунуштайбыз.

Пикир

Оставить комментарий