• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи жарым жылдыкта 202,6 млн доллар түз инвестиция тартылган - Иманалиев

Экономика 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Кабар/. 2017-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга 202,6 млн долларлык түз инвестиция тартылган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына карата 35% көп. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

“Түз инвестициялардын 87,3% алыскы чет өлкөлөрдөн келген. КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын саны 25,7 млн дооларды түзүп, 59,5% азайган. Жакынкы чет өлкөлөрдүн арасынан инвестиция Казакстандан көп тартылган (16,8 млн доллар). Ал эми алыскы чет мамлекеттердин арасынан Канада, Кытайдан (67,3 жана 58,6 млн доллар) келген. Инвестициянын басымдуусу Ысык-Көл облусуна жана Бишкекке тартылган 75,1 жана 66,4 млн доллар”,-деди Данияр Иманалиев.

Эскерте кетсек, экономиканын артыкчылыктуу тармагы болуп кайра иштетүү, каржы жана техникалык тармак эсептелүүдө (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 56,7%, 26,5% жана 9,9%).

Пикир

Оставить комментарий