• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Биринчи жарым жылдыкта бажы төлөмдөрүнөн 15 млрд сом чогулду - МБК

Коом 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик бажы кызматы 14,9 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултууга жетишкен.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бажы төлөмдөрү белгиленген божомолдон 101,8%га же 261,4 млн сомго көп чогулган.

Ал эми 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу бажы төлөмдөрү 1,8 млрд сомго же 14,1%га өскөнүн аталган ведомстводон кабарлашты.

Пикир

Оставить комментарий