• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Биринчи жолу башкы подрядчы ата мекендик компания. Балыкчы - Барскоон жолун оңдоо башталды

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолундагы Балыкчы - Барскоон тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоор башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи жолу башкы подрядчынын милдетин ата-мекендик компания аткарууда.

Долбоор КР президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругунун негизинде "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын каржылоосу менен ишке ашууда. Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда, ал эми маршруттун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Алдыда бөлүүчү тосмо менен 4 тилкелүү жол пландалууда. Асфальттын үстүңкү катмарын куруу үчүн SCHMA (майдаланган таш-мастикалык асфальт-бетон) колдонулат.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Барскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келген.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания - Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат. Жол тармагында 30 жылдын ичинде жергиликтүү компанияларга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур болгон эмес.

Башкысы Балыкчы-Барскоон долбоору Кыргызстандын жол тармагын өнүктүрүүнүн баштапкы чекити болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий