• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Биринчи жолу Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат – Байсалов

Коом 0

Бишкек, 01.12.20./Кабар/. Биринчи жолу Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, кайсы Баш мыйзам менен жашай турганыбызды эл чечет.

“Ишибизге анализ жүргүзүп, Конституцияны коңшу Казакстан, Россия өлкөлөрүнүн Баш мыйзамдары менен салыштырып жатабыз. Баса белгилеп кетчү жагдай, Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Буга чейин ал орус тилинде жазылып, кыргызча которулганда мааниси өзгөрүп кетчү. Учурда ар бир сөз талкууланып жазылууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий