• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы "Алтын Глобустун" узун тизмесине кирди

Маданият 0

Бишкек, 26.11.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы "Алтын Глобустун" узун тизмесине кирди. Аталган тасма “Чет тилдеги мыкты тасма” наамына ат салышып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографты колдоо фонду билдирет.

“Алтын Глобус” сыйлыгы "Чет элдик басманын Голливуд ассоциациясынын” тандоосу менен ыйгарылат. Аталган сыйлык 1944-жылдан бери берилип келет.

“Түнкү кырсык” тасмасы Таллиндеги (2017) “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңген.

Белгилей кетсек, 8-декабрда кыска тизмеге кирген тасмалар жарыяланып, 2019-жылдын 6-январында жеңүүчүлөр аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий