• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте быйыл 55 билим берүү мекемеси оңдоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 55 билим берүү объектиси оңдолду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери курулуш объектилеринин бекитилген тизмесине ылайык жүргүзүлдү.

Оңдоп-түзөө иштери Свердлов районуна караштуу балдардын чыгармачылык борборунда, Биринчи май районунун райондук билим берүү борборунда, “Кыргыз Балдары” шаардык мектеп окуучулар чыгармачылык борборунда, №31 мектепте жана №21 балдар билим берүү мекемесинде өткөрүлдү.

6 билим берүү мекемесинде дааратканалар оңдолуп, түтүктөр жана санитардык жабдуулар алмаштырылды, имараттын ичинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Ички жылытуу системасы 11 мекемеде жүргүзүлүп, дагы 11 мекемеде чатыр алмаштырылды.

Жылуулук трассасы 4 билим берүү мекемесинде оңдолду. Калган мекемелер жалпы курулуш ремонтунан өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө 53 объектте оңдоо иштери толугу менен аяктады. Ал эми Биринчи май районунун билим берүү борборунда жана “Кыргызстан Балдары” шаардык мектеп окуучулар чыгармачылык борборунда оңдоо иштери аяктап жатат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын шаардык бюджетинде билим берүү мекемелерин оңдоого 100 000,0 миң сом каралган.

Ошондой эле, Бишкек шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, авариялык объекттерди оңдоого 11 795,0 миң сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. Жумуш алты объектте жүргүзүлөт: №3, №45, №51 орто мектептеринде жана №137, №135, №5, №52 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде.

Пикир

Оставить комментарий