• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коронавирустун экинчи толкунуна психологиялык жактан даяр болуш керек – Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип, окуянын өнүгүү ыктымалдыгы жөнүндө божомолдор тууралуу айтты.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдө эпидкырдаал курч бойдон калууда. "Дүйнө жүзүндө күз айларында коронавирустун экинчи толкуну болот деген божомолдор айтылууда. Биз да ага психологиялык жактар даяр болушубуз керек. Ал мезгилди да тынч, минималдуу чыгаша менен өткөрүүнү көздөй турган болсок - биз ар бирибизден эмне талап кылынса ошону аткарышыбыз керек", - деп баса белгиледи Боронов.

Пикир

Оставить комментарий