• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда доллардын курсу төмөндөдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.07.19 /Кабар/. Түркмөнстанда акыркы күндөрү кара базарда доллардын курсу 14-15 манат болууда. Бул тууралуу "Хроника Туркменистана" басылмасы жазып чыкты.

Ашхабаддагы базарларда долларды 14,4 манатка сатып алып, 15,4 манатка сатып жатышат. Дашогузда долларды 14,2 манатка сатып, 15 манатка сатып алууга мүмкүн. Серепчилердин пикири боюнча бул көрүнүш мамлекеттин жашыруун валюта соодагерлери менен болгон күрөшүнө байланыштуу.

Түркмөнстанда валютанын "кара" базары менен күрөшүү июнда доллардын курсу 30 манатка жеткенде башталган. Июндун ортосунда валюта менен мыйзамсыз түрдө иштеген 30 шектүү кармалган. Алардын арасында жеке ишкерлер жана банктарда иштеген кызматкерлер болгон.

Түркмөнстанда физикалык жактарга долларды сатууга 2016-жылдан тарта тыюу салынган. Доллардын расмий курсу 2015-жылдан тарта 3,5 манат. Тыюу салынган учурда "кара" базар бар болгон, бирок доллардын курсу расмий курстан эки эсе гана көп болгон. Көп өтпөй курс жогорулай баштаган.

Пикир

Оставить комментарий