• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларды мыйзамды сактоого чакырды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалды.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды төмөнкүчө сатып алууга тыюу салынат:

- шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө;

- шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга;

- товарларды жеңилдетилген баада сатууга;

- талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символун, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, ар кандай товарларды акысыз таркатууга;

- акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө.

Мындан тышкары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүндө талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз экендиги белгиленген.

Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларга мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келүүсү мүмкүн болгон жогоруда аталган мыйзамда белгиленген ченемдерди бузуучу аракеттерге жол бербөөнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий