• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек – Ала-Арча жолунда Honda Fit унаасы оодарылып, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Бишкек – Ала-Арча унаа жолунун 4-чакырымында Honda Fit үлгүсүндөгү унаа оодарылып калган.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен, андан соң бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган Н.У. аттуу айдоочу жеринде каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий