• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек АШК 2 саясий партиянын талапкерлеринин аракеттеринен үгүт эрежелеринин бузулганын тапкан жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. 2021-жылы 4-июлда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) «Реформа» саясий партиясынын социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча «Келечек-Будущее» саясий партиясына карата арызын карады. Бул тууралуу Боршайкомдон билдирди.

Видедо «Келечек-Будущее» партиясынын талапкери эки аял алууну мыйзамдаштырууну жактаган.

Белгиленгендей, Бишкек АШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби жана эрежелери боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу фактцысын тапкан жок.

Ошондой эле, Фейсбук социалдык тармагында жарыяланган "Эмгек Партиясы" саясий партиясынан БИшкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин бири Октябрь районунун короолорунун биринде отургучту боегон, ошондой эле балдар менен сүрөткө тарткан видео тууралуу талапкер сунуш кылган кошумча видео материалдарды карап чыгып, Бишкек АШК талапкер С.Дөөлөтбаковдун аракеттеринде шайлоо өнөктүгүнүн тартиби жана эрежелери бузулган эмес деп аныктады.

Пикир

Оставить комментарий