• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек баатырдын айкелин орнотуу иштери марттын аягында башталат

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бишкек баатырдын айкели даяр. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

“Бишкек баатыр” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү билдиргендей, эстеликтин узундугу 3 метрди түзүп, ал колодон жасалган. Пайдубалы дагы 1,5 метрди түзөт. Айкелдин скульптору Адил Сейталиев.

Эстелик Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын чыгыш жагында Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинен анча алыс эмес жерде орнотулат.

Марттын аягында эстеликти орнотууга даярдык иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий