• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек баатырдын эң мыкты эстелигин даярдоо сынагынын II турунда 5 автор ат салышат

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык мекемесинде Бишкек баатырдын эң мыкты эстелигин архитектуралык-көркөмдүк эскиздик долбоорун даярдоо сынагынын II туруна катышууга чакырылган калыстардын жана авторлордун жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, сынактын калыстар тобуна төрага болуп Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дюшембиев дайындалып, башкы архитектор Асхат Тулебердиев, архитекторлор бирикмесинин мүчөлөрү, тарыхчылар, “Бишкек баатыр” коомдук фондунун өкүлдөрү катышкан.

Калыстар тобу эстелик боюнча өз ойлорун, сунуштарын берип, сынактын экинчи туру өтө турган күндү аныкташкан.

Ошондой эле бул чогулушка Улуттук илимдер академиясынан тарыхчы чакырылган. Ал өз сунуштары менен бирге Бишкек баатыр боюнча кененирээк маалымат берип кеткен.

Сынактын экинчи туру үстүбүздөгү жылдын 29-январынан 29-апрелге чейин өтөт. Ал сынакка 5 автор катышат.

Пикир

Оставить комментарий