• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек баатырдын эстелигинин долбоору талкууланат

Коом 0

Бишкек, 18.01.19./Кабар/. Бишкек шаарында Бишкек баатырдын эстелигинин долбоору талкууланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу 21-январда саат 10:00дө "Бишкекбашкыархитертура" муниципалдык ишканасынын отурумдар залында өтөт. Ал эми 22-январда саат 09:30да калыстардын отуруму болмокчу.

""Бишкекбашкыархитертура" муниципалдык ишканасында Бишкек баатырдын эстелигин иштеп чыгуу боюнча ачык сынактын коомдук талкуусу болмокчу. Талкууга каалоочулардын баары катыша алат", -деп айтылат маалыматта.

Аталган сынакты өткөрүү милдети "Бишкекбашкыархитертурага" жүктөлгөн. Сынакка бардыгы болуп 18 билдирүү келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий