• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек: Бала бакчадагы ар бир бөбөктүн бир күндүк тамагына 60 сом сарпталат

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Шаардык бюджеттен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдарга 3 жашка чейин 29 сом, 3 жаштан 7 жашка чейин 30 сом төлөнөт. Атайын мектепке чейинки мекемелерди кошпогондо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле ата-энелер тарабынан бала бакчаларга барган балдарга 3 жашка чейин 29 сом, 3 жаштан 7 жашка чейин 30 сом төлөнөт.

Төлөмдөр Билим берүү борборунун аймактык эсебине төлөнүшү зарыл. “Эгер накталай төлөмдөр жүргүзүлгөн учурлар болсо 0700182629 телефону аркылуу кабарлап коюуну суранабыз”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаары боюнча 86 бала бакча иштейт. Бала бакчаларда төрт маал тамактануу каралган. Эртең менен сүттүү ботко, түшкү тамак – биринчи суюк тамак, экинчиси коюу тамак. Түштөн кийин балдарга печенье же булочка айран, шире же компот менен берилет. Кечки тамак – сүттүү ботко. Бир баланын бир күндүк тамагы 60 сомду түзөт. Меню бир балага күнүнө 85-100 грамм эт, 400-500 мл сүт деген норма менен түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий