• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы жабылды

Коом 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Туристтик мезгил аяктагандыгына байланыштуу 8-сентябрда “Бишкек-Балыкчы-Бишкек” поезд каттамы жабылды.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашкандай, аталган каттам жайкы эс алуу мезгилине карата 14-июндан тарта каттай баштаган.

"Быйыл “Кыргыз темир жолу” ишканасы аталган багыт боюнча 19 миң 972 адамды ташып жеткирди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13% га көп", - деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий