• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкек – Балыкчы поезди бүгүн каттабайт. Селден кийинки текшерүү иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.06.22 /Кабар/. Бүгүн, 25-майда Бишкек - Балыкчы поезд каттамы жүрбөйт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын күч-каражаты менен селдин кесепеттери толук жоюлду.

Белгиленгендей, темир жолдун селден улам кум-шагылга толгон айрым тилкелерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери текшерүү жүргүзөт.

"Аталган багытта каттамдын калыбына келүүсү боюнча маалымат кошумча берилет. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-июнда Боом капчыгайында катуу жааган жаандан улам тоодон сел менен түшкөн кум-шагыл темир жолду жаап, поезд каттамы токтоп калган.

Пикир

Оставить комментарий