• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу убактылуу жабылды. Видео

Аймак 0


Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боом капчыгайында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, темир жолду жаап калган.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын тиешелүү кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Каттамдын качан ачылары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Ишкана ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн алдын ала кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий