• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек — Баткен аба каттамдарынын саны эки эсеге көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Tez Jet авиакомпаниясынын учактары Бишкектен Баткенге жумасына эки жолунан каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Tez Jet абакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси каралган.

“Буга чейин учактар жумасына бир жолу каттап турган. Мындан сырткары, июндан баштап борбор калаадан Жалал-Абадга болгон каттамдардын санын көбөйтүү каралууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий