• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек: Бир жумада патенти жок иштеген 200дөн ашык таксист аныкталды

Коом 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынан бир жуманын ичинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте патенти жок иштеген 200дөн ашык такси айдоочуларын аныктады.

Алсак, жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш жүргүзгөн (такси кызматы) 520 субъектке рейддик салык контроль жүргүзүлгөн. Анын ичинен 221 айдоочуда экономикалык иш жүргүзүүгө патенти жок болуп чыкты.

Рейддин жыйынтыгы боюнча 194 субъектке патент берилип, 27 субъектке административдик айып салынды.

Ушундай рейддик иш-чаралар республика боюнча туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий