• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Чалдовар трассасында эки унаа кагышып, 3 адам жабыркады - видео

Кырсык 0


Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда саат 11:00дө Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 74-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа борбор калааны көздөй келе жатып, алдындагы унааны кууп өтүүгө аракет кылган. Өз тилкесине киргенге жетишпей, жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, аймактык ооруканага жаткырылган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, эки унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий