• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкек-Чалдовар унаа жолун бойлой жарыктандыруу системасы орнотулду

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунун Бишкек-Чалдовар унаа жолун бойлой жарыктандыруу системасы орнотулган. Бул тууралуу облустук автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы жолдо болгон кырсыктардын анализи көрсөткөндөй жолдун 72-82-чакырымдарына чейин 10 жол кырсыгы катталган. Алардын ичинен бирөө түнкүсүн болуп, бир адам көз жумган.

“Ушул статистиканын негизинде Панфилов районунун ички иштер бөлүмү райондун жарык системасын орнотуу жергиликтүү башкармалыгына кайрылып, жолдо жарык тутуму орнотулган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий