• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Чалдовар унаа жолунда оңдоо иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Кабар/. Поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 21-октябрда Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 69-чакырымында ремонт иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Ушуга байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылында кайтарууга алынган 3713-темир жол өткөрмөсү Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан жабылган”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай, ремонт иштери КРнын Ички иштер министрлигинин Башкы жол кайгуул кызматы жана КРнын Транспорт жана жол министрлиги менен алдын ала макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий