• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Чалдовар жолунда унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырган

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 76-чакырымында 16-ноябрда саат 23:30дар чамасында автоунаа 40-45 жаштагы эркек кишини сүзүп, изин жашырган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, жөө жүргүнчү оор жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Панфилов районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери адамды сүзүп кеткендиги тууралуу маалыматты алгандан кийин белгисиз унааны издөө иштерин баштаган. "Коопсуз шаардын" камералары аркылуу окуяга тиешеси бар "Фольксваген-Гольф" унаасы аныкталган. Ал 18-ноябрда унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Ал эми "Фольксваген-Гольф" унаасынын 33 жаштагы Т.Э. аттуу айдоочусу Панфилов райондук милициясына жеткирилген

Пикир

Оставить комментарий