• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте COVID-19га байланыштуу массалык иш-чараларга тыюу салынды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Бишкекте массалык иш-чараларга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин бардык массалык оюн-зоокторго, ири спорттук иш-чараларга, китепканаларга жана музейлерге адамдардын массалык чогулуусуна алып келүүчү (фестиваль, эсте калган даталарды белгилөө, жолугушуулар, флешмобдор ж.б) иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Эскерте кетсек, өткөн суткада Бишкекте 224 адам коронавирус жуктуруп, 6 бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий