• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

"Бишкек-Дели" аба каттамын ачуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Кыргыз-индиялык бизнес форумунда "Бишкек-Дели" аба каттамын ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу аталган форумда КРнын Соода-өнөр-жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Индиянын соода жүгүртүүсү 37 млн. долларды түзүүдө. Индия ири өлкө экенин эске алганда бул өтө аз.

"Биз бул көрсөткүчтү арттырууну пландап жатабыз. Кыргыз бизнесмендери Индияга бал, кургатылган жемиш экспорттоого даяр. Индия жарандары биздин ал азыктарды жактырат. Андан тышкары, көп индиялык бизнесмендер Кыргызстанга фармацевтиканы экспорттоого кызыкдар. Биз билгендей, ал тармак Индияда өнүккөн", - деди ал.

Ошондой эле индиялык бизнесмендер текстиль, булгаары жана зер буюмдарын экспорттоого даяр.

Пикир

Оставить комментарий