• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Бишкек” ЭЭАнын башчысы жол кырсыгына кабылып, бир киши жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.22. /кабар/. “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-январда, болжол менен 12:45те Масалиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"2000-жылы туулган С.Б., аттуу айдоочу Daewoo Kalos үлгүсүндөгү автоунаа менен А. Масалиев көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, Ч. Айтматов көчөсүнүн кесилишинен Т.К., аттуу айдоочунун башкаруусундагы Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, жол кырсыгынын кесепетинен биринчи унаанын 21 жаштагы айдоочусу жабыркап, шаардагы №4 ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда эки автоунаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий