"Бишкек" Эркин экономикалык аймагынан өрт чыкты (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылынын жанында жайгашкан "Бишкек" Эркин экономикалык аймагында өрт чыккан.

ӨКМден кабарлашкандай, бүгүн, 7-майда болжол менен түнкү саат 02:30 чамасында өрт тууралуу билдирүү түшкөн.

Билдирүүгө ылайык, өрт "Бишкек" Эркин экономикалык аймагынын ичинде жайгашкан ангардан чыккан.

“Окуя болгон жерге жалпысынан 4 бөлүм тартылып, өрт таңкы саат 06:30да чектөөгө алынган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Өрт боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий