• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек I - Бишкек II станциясынын темир жол өткөрмөсү 6-декабрдан оңдоо үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 6-декабрында Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778-чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө темир жолдогу ремонт иштери жүргүзүлөт.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашкандай, бул Бишкек шаарынын Асаналиев (мурдагы Некрасов) жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши.

2018-жылдын 6-декабрында саат 21-00дөн саат 24:00гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

"Жүргүнчүлөрдөн келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий