• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын темир жол өткөрмөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 6-майында Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778 чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө темир жолдогу ремонт иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Бул Бишкек шаарынын Асаналиева (мурдакы Некрасова) жана ЛевТолстой көчөлөрүнүн кесилиши.

"2018-жылдын 6-майында саат: 10-00 дөнсаат: 16-00 гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган участокто сак болуусун суранабыз.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий