• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

«Бишкек II» темир жол бекетиндеги билеттик кассалар убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. «Бишкек II» темир жол бекетиндеги билеттик кассалар убактылуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма cөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуучу эл аралык поезд каттамдарынын токтотулгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 26-мартынан тартып «Бишкек II» темир жол бекетиндеги билеттик кассалар убактылуу жабылат.

Сатылып алынган жол жүрүү документтери үчүн акча каражаттарын кайтарып берүү «Бишкек I» темир жол бекетинде (Лев Толстой көчөсү Пишпек кичи району) жумуш күндөрү саат 8-00 дөн тартып, 17-00гө чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий