• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек ӨК режиминде: Ээн калган көчөлөр жана санитардык-карантиндик посттор

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекция кырдаалынын шарттарында жана ага байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу Бишкектин көчөлөрү тез эле ээн калды. Болгону аз сандагы беткапчан жарандар эле азык-түлүк алганы дүкөндөргө же болбосо ишке баратканын көрүүгө болот.

Чукул кызматтар өз иштерин улантууда, бирок жарандар үчүн кыймыл чектелген, муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталып жатат. Транспорттордун кыймылына да чектөө киргизилген. Линияда бир катар автобус жана троллейбустар гана каттоодо.

Ошондой эле өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу облустардын чектеринде жана Бишкек шаарына кире бериш жерлерде, тактап айтканда, Чүй облусунун Бишкек–Кант (Киргшелк), Бишкек–Кара-Балта (Сосновка жана Маловодное), Бишкек–Нарын–Торугарт (Кызыл көпүрө) унаа жолдорунда санитардык-карантиндик посттор орнотулган.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү кызматтар айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ошол себептен посттордо унаалар топтолуп калууда. Кызматкерлер ар бир унааны текшерүүдө деген маалымат чындыкка дал келбейт. Посттордогу текшерүүдө жарандар менен эч кандай байланыш болгон жок, алыстан гана дене табы текшерилүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин республика боюнча COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14гө (6 эркек, 8 аял) жеткени айтылган. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Республика боюнча 22-марттан тарта өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий