• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек: Кафелердин жанына өзүм билемдик менен тургузулган мыйзамсыз жайлар түрттүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан муниципалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялаштыруу иш-чараларын жүргүзүү маалында тамак-аш мекемелери тарабынан жайкы жай катары жасалган объектилер түрттүрүлгөн. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Шашлычок”, “Алмаз”, “Шашлычный двор”, “Я люблю шашлык” кафелеринин жана “KIM PAB” рестобарынын жайкы жайлары түрттүрүлүп алдырылган. Ошондой эле жаңы салынып жаткан “Золотая бочка” кафесинин темирден жасалган каркасы ээлеген жер бошотулган.

Иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 7 миң 727 чарчы метр же 0,7727 гектар муниципалдык жер бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий