• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун курууда 104 млн сомду кымырып алышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Бишкек – Кара-Балта унаа жолун курууда 104 млн сомду кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан баасы 17 млн 763 миң 85 долларды түзгөн Бишкек Кара-Балта унаа жолунун 15,9-61-чакырымындагы курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилди.

Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган.

Натыйжада мамлекетке 104 млн 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен КЖКнын 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий