• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

"Бишкек – Кара-Балта – Чалдыбар" альтернативалык жолун куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. "Бишкек – Кара-Балта – Чалдыбар" альтернативалык жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында транспорт министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, "Бишкек – Кара-Балта" жолунда оңдоп-түзөө иштери жүргөндүктөн жол тыгындары болуп жатат, андан улам аталган жолду куруу демилгеленүүдө. Аталган жол Токмок шаарынан башталып калышы мүмкүн. Альтернативалык жолду темир жол менен Чоң Чүй каналын бойлой салуу каралууда.

"Учурда анын техникалык-экономикалык негиздемесине каражат каралууда. Жолго болжол менен 300-500 млн доллар сарпталышы мүмкүн. Аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылат. Жолдун узундугу 90-100 чакырым болот", - деди ал.

Бердалиев жолго акы алына тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий