• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Бишкек – Кара-Балта" каттамындагы жүргүнчү поезд бир күнгө ишин токтотот

Коом 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. "Бишкек – Кара-Балта" каттамындагы жүргүнчү поезд бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Поезд оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

"Кара-Балта-РЗД-141" темир жолу тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу 2019-жылдын 4-майында жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 "Бишкек-Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 5-майда поезд аталган каттам боюнча кайра каттай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий