• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Бишкек–Кара-Балта" каттамындагы жүргүнчү поезд бир күнгө ишин токтотот

Коом 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. "Бишкек–Кара-Балта" каттамындагы жүргүнчү поезд бир күнгө ишин токтотот. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Поезд оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

"Кара-Балта-РЗД-141" темир жолу тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу 2019-жылдын 27-апрелинде жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 "Бишкек–Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 28-апрелде поезд аталган каттам боюнча кайра каттай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий