• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Бишкек-Кара-Балта” поезди бир айга убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташуучу “Бишкек-Кара-Балта” поезди бир айга убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” ишканасынын басма сөз евзматы билдирет.

Маалыматка ылайык, темир жолдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу каттам убактылуу токтотулат, мындай чечим КРнын Транспорт жана жол министрлигинин уруксатын эске алуу менен кабыл алынган.

Билдирүүгө ылайык, каттам кайрадан 2018-жылдын 16-апрелинен тарта кадимки тартип боюнча иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий