• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Бишкек-Кара-Балта" поезди бир күнгө ишин токтотот

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Бейшемби, 20-июнь күнү жүргүнчүлөрдү ташыган "Бишкек-Кара-Балта" поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Ишканадан билдиришкендей, "Кара-Балта-РЗД-141" темир жолу тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу №6059/6060 жана №6061/6062 "Бишкек-Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулмакчы.

"21-июндан тартып аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт"- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий