• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Бишкек - Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек - Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Кара-Балта-РЗД-141» темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу 26-октябрда жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек - Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.

«2019-жылдын 27-октябрынан тарта аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий