• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоонун алкагында турак-үйлөр жабыркады

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Бишкек - Кара-Балта автожолун оңдоонун алкагында турак-үйлөр жабыркады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

Ал билдиргендей, бир нече себептерден улам оңдоо иштери графикттен артта калууда. Алсак, долбоорду түзүү маалында телекоммуникациялык байланыштар эске алынган эмес.

"Аларды трассадан алуу керек. Андан тышкары жергиликтүү бийлик органдары менен жаңжал чыккан, алар айрым бир себептерден улам кытайлык China Railway 5 компаниясынын ишине тоскоолдук жаратышкан. Ошондой эле былтыркы жылы иш убагында трассанын жээгинде орун алган үйлөрдө жарака кеткен. Ошондуктан кытайлык компания ишин график боюнча улантат", - деп түшүндүрдү ал.

Иш 2021-жылга бүткөрүлөт. Долбоор толугу менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Долбоордун жалпы суммасы 120 млн. долларды түзөт.

"Жолдун 15чи чакырымынан 61-чакырымына чейинки аралыкты оңдоого 70 млн. доллар бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 8-15-чакырым узундуктагы аралыкка 20 млн. доллар бөлүнөт. Азырынча бул толук эмес сумма, анткени тендердик жараяндар өткөрүлө элек", - деп кошумчалады Досумбетов.

Пикир

Оставить комментарий