• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо өзгөчө көзөмөлгө алынган – премьер

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. “Бишкек – Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо өзгөчө көзөмөлдө турат”,-деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип жатып.

Ал ошондой эле, Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо учурунда Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын ортосунда темир жол каттамы тынымсыз жүрүп турарын эскертти.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бүгүнкү күнгө карата бардык зарыл курулуш техникалары камсыз болгонун жана 45 км аралыктагы “Бишкек – Кара-Балта” унаа жолун реконструкциялоо иштери башталганын билдирди.

“Азыркы учурда жол оңдоочулар тарабынан даярдыктар, курулуш аянттары аныкталып, жерди топографиялык тартуу жана инженердик-техникалык персоналды мобилизациялоо иштери жүргүзүлүүдө”,-деди Ж.Калилов.

Мындан тышкары, Транспорт жана жолдор министри оңдоо иштерин жүргүзүү жана жаңы жол катмарын төшөө учурунда бир тараптуу жол кыймылы иштеп турарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий