• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек – Кара-Балта жолундагы оңдоо иштери 90% аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директорунун милдетин аткаруучу Санжар Асаналиев "Кабар" агенттигинде өткөн жыйынында Бишкек – Кара-Балта жолундагы оңдоо иштери эмне үчүн графиктен артты калып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, долбоор АӨБ тарабынан каржалынган, жалдануучу (подрядчик) кытайлык компания. Асаналиевдин пикирине караганда, бул жыл аралыгында көп иштер жасалды.

«Быйылкы жылы иштин 90% аяктадык. Болжол менен 25 чакырым төшөлдү. Мындан тышкары, аталган тилкеде 6 көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат, анын ичинен бешөөнүн курулушу 90-95 пайызга бүтүп калды. Беш жер алдынан өтүүчү өтмөк жасалды, дагы бирөө кийинки жылы жасалат», - деди ал.

Бишкек – Кара-Балта жолун 2020-жылдын май айында ачуу пландалган, бирок айрым себептерге байланыштуу ишти өз убагында бүткөрүүгө жетишпей жатышат.

Пикир

Оставить комментарий