• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Бишкек – Кара-Балта" жолунун курулушу 2020-жылдын күзүндө аяктайт

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. "Бишкек – Кара-Балта" жолунун курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында транспорт министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Бердалиевдин айтымында, жолдогу иштер келерки жылдын май айында аякташы керек болчу. Бирок бир катар себептерден улам жолдун курулушу 5-6 айга кечиктирилип калды.

"Карьерлерди чечип берүүдө маселелер болуп калган. Иш жол астындагы коммуникациялар убагында которулбаганына байланыштуу да кечиктирилүүдө. Жолдун курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий